Жаңылыктар
25.12.2024 18:20
Кароолор: 216
ОШ: БОРБОРДУК БАЗАРЛАРДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Бүгүн, 25-декабрда КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ӨӨААжАКИБнүн офицерлери борбордук базарда сатуучулар менен жолугушту. Жаңы жылдык майрамга карата сатылып жаткан пиротехникалык каражаттарды саткан жарандардын сатууга уруксат кагаздарын карап чыгышты.
Мындан сырткары, өрт коопсуздугун алдын алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, уруксат кагаздарын толуктаган күнгө чейин сатыктан алып жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР