Жаңылыктар
16.08.2024 15:03
Кароолор: 158
ОШ БАЗАРДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТЕКШЕРИЛДИ
ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Бишкек шаардык жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору Бишкек шаарынын Ленин району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош базарында пландан тышкаркы текшерүү ишин жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар ачыкталды. Соодагерле баш аламан соода кылгандыктан өрт өчүрүүчү машина өтө турган жол жабык болуп, атайы техниканын кирүүсүндө тоскоолдуктар жаралды. Ошондой эле базардагы өрт өчүрүүчү шаймандар толук эмес экиндиги аныкталды. Бул боюнча атайы базар жетекчилигине, соодагерлерге акт, протоколдор түзүлүп, бузууларды жоюуга мөөнөт чектеп, эскертүү беришти.
Эгерде тапшырылган иштер өз мөөнөтүндө аткарылбаса КР Бузуулар кодексинин негизинде админстративтик айып пулдар салынат.
Бул иш-чаранын негизги максаты коопсуздук эрежелерин бузууларды жоюу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
ӨКМ кызматкерлери дайыма базар администрациясы менен биргеликте түшүндүрүү иш-чараларын жана өрт коопсуздук эрежерин бузууларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР