Жаңылыктар
20.02.2024 11:52
Кароолор: 656
ОШ, БАТКЕН, ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНЫН АЙДООЧУЛАРЫНА ЖОЛ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
ОШ, БАТКЕН, ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНЫН АЙДООЧУЛАРЫНА ЖОЛ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ӨКМ кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрыкча, алыс жолго чыгууда айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жол коопсуздугу өтө маанилүү.
Андыктан ӨКМ офицерлери Ош шаарынын, жана Баткен, Талас облустарынын бардык район-шаарларындагы борбордук автобекеттеринде унааны кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу, узак жолго чыгууга зарыл дары-дармек, тамак-аш азыктарын жана дөңгөлөк чынжырчасын ала жүрүүнү эскертишүүдө. Ошондой эле, унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Кокустук катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышка чыгууну сунуштайбыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР