Жаңылыктар

12.12.2024 14:17

   Кароолор: 366

ОШ: БАЛА БАКЧАДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА САБАКТАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн  ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Алай району боюнча бөлүмү тарабынан Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылындагы №3 Наристе атындагы бала бакчанын тарбиячылары менен өрт кырсыгы катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү жана эвакуациялоо боюнча өрт-тактикалык сабак өттү.

Өздүк курам тарабынан балдарга ар кандай оюндар уюштурулуп, куткаруучулар өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана өрт кырсыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар боюнча айтып беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу