Жаңылыктар
24.08.2023 10:33
Кароолор: 236
Ош: Араван районунун базарында өрт тактикалык машыгуу өтүп бузуулар аныкталды
Бүгүн, 24-август күнү Араван районунун Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Саат 10:00 убактысында машыгуу боюнча "Мөмө-жемиш базарында" жайгашкан имаратында өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат Араван түшкөн.
Айтылган дарекке эки күжүрмөн эсеп тартылып, саат 10:23 убактысында өчүрүлгөн.
Машыгууга Араван райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 25 кызматкер жана 3 техника, райондук электр энергия менен камсыздоо жана жарыкты чүмбөттөө кызматынан 1 бригада (5 кызматкер), Коомдук тартипти сактоо кызматынан 2 бригада (20 кызматкер), медицина кызматынан 1 бригада (6 кызматкер) жана Тез жардам унаасы, СЭСтен 5 кызматкер, ошондой эле ЖЧК "Мөмө-жемиш базарынан" 10, жалпы 75 кызматкер жана 8 техника тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР