Жаңылыктар

19.02.2025 17:03

   Кароолор: 131

ОШ: АРАВАН РАЙОНУНДА СЕЛ ӨТҮҮЧҮ САЙДЫН НУГУ ТАЗАЛАНУУДА

2025-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин негизинде, Араван районунун Төө-Маюн айыл аймагына караштуу Авиз айылынын Кош-Таш тилкесиндеги сел өтүүчү сайдын нугу тазаланууда.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген экскаватордун жардамы менен селдин нугу 650 метр аралыкка чейин тазаланат. Учурда анын 520 метри казылып, тазалоо иштери улантылууда.

Бул иш-чара жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында жүргүзүлүп, аймактагы сел коркунучун азайтууга багытталган. Сел өтүүчү сайдын нугу толук тазаланган соң, суу өтүү мүмкүнчүлүгү жогорулап, жакын жайгашкан турак жайлар жана айыл чарба жерлери табигый кырсыктардын кесепеттеринен жакшыраак корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу