Жаңылыктар
05.02.2025 19:31
Кароолор: 423
ОШ: АРАВАН РАЙОНУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругу менен Өрттү көзөмөлдөө кызматы жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Араван районунда өрт коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында район аймагындагы бийик имараттар, мыйзамсыз сакталган күйүүчү-майлоочу материалдарды саткан жайлар жана өрт коркунучу жогору объекттер текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер объект ээлерине жана кызматкерлерине өрт коопсуздугунун негизги талаптарын түшүндүрүп, өрттүн алдын алуу боюнча эскертишти. Ошондой эле өрт өчүрүүчү жабдууларды туура пайдалануу, эвакуациялоо жолдорунун ачык болушу жана электр жабдууларын коопсуз колдонуу кеңештерин беришти.
Бул иш-чаралар жарандардын жана ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, мүмкүн болгон өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР