Жаңылыктар
10.12.2024 13:49
Кароолор: 233
ОШ: АРАВАН РАЙОНУНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАКТАР ӨТТҮ
Кечээ, 9-декабрь күнү КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Араван району боюнча бөлүмү тарабынан Араван районуна караштуу Достук айыл аймагынын Араван айылындагы №15 Захриддин Мухаммед Бабур атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык сабактар өттү.
Алгач билим берүү мекмесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине өрт өчүрүү жана куткаруучулар тартылып, имараттагы мектеп окуучуларын коопсуз жайга эвакуциялап, күйүк алган окуучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, коопсуз жайга чыгарылды.
Өздүк курам тарабынан мектеп окуучуларына жана мугалимдерге өрт өчүрүү шаймандары жана техникалар тууралуу маалыматтар айтылып, өрт кырсыгынан сак болуу керек экендиги эскертилиди. Иш-чарага жалпы 133 окуучу жана 16 мугалим катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР