Жаңылыктар
28.06.2024 13:15
Кароолор: 359
ОШ: АЛДЫҢКЫ КУТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ
Бүгүн, 28-июнь күнү ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын саптык аянтында 1-июль - куткаруучулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командиринин биринчи орун басары И.Т.Усенбаев жалпы өздүк курамды куткаруучулар күнү менен кызуу куттуктады.
Майрамдык иш-чарада мыкты жетишкендиктерди, ийгиликтерди жараткан бир катар куткаруучуларга Алкыш баракчасы жана Ардак грамоталарын тапшырып, жыйын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР