Жаңылыктар
18.12.2024 16:25
Кароолор: 129
ОШ: АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ АТКАРЫЛУУДА
2024-жылга карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын алкагында Алай районунун Тилектеш айыл аймагына караштуу 1-Май айылынын Шоро-Булак участкасында сел өткөрүүчү каналды казуу иштери 17-декабрь күнү башталып, иш кызуу жүрүүдө.
Бул иш-чаранын негизги максаты – аймактагы сел коркунучун азайтуу жана калктын жашоо шарттарын коопсуздандыруу. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү бир экскаватор жана бир самосвал жумушка тартылган.
Ош облусу боюнча 2024-жылга мерчемделген “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын негизинде жалпы 91 объект киргизилген. Бүгүнкү күндө алардын ичинен 75 объектте жумуштар толугу менен бүткөрүлүп, 7 объектте иштер уланууда, 2 объектте жумуш убактылуу токтотулган. Калган 7 объект атайын графикке ылайык жыл ичинде аткарылат.
Учурда облус аймагында ӨКМ тарабынан 4 экскаватор, 3 самосвал жана 1 бульдозер тартылып, иш-чаралардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Министрлик тарабынан кооптуу аймактардагы иштер мындан ары дагы улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР