Жаңылыктар

13.06.2025 17:58

   Кароолор: 14

ОШ: АЛАЙДА ТУРАК ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫГЫП, 1 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Бүгүн, 13-июнда саат 02:28де Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыкты.

Өрттү өчүрүүгө саат 02:29да 1 бөлүм тартылып, андан кийин саат 02:36да дагы 1 бөлүм кошулду. Жалпысынан 2 бөлүм иш алып барды.

Өрт саат 02:45те курчоого алынып, 14:10до толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы аял каза болду. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Кырсык болгон үй 10 бөлмөлүү болуп, анда учурда 6 үй-бүлө — жалпы 23 адам жашап келген.

Өрттүн жалпы аянты 348,2 чарчы метрди түздү. Коңшу жайгашкан эки турак үй өрттөн сакталып калды.

Окуя болгон жерде Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Э.Мусаев жабыркагандардан кабар алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу