Жаңылыктар

24.09.2024 10:40

   Кароолор: 289

ОШ: АЛАЙДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АЧЫК ЭШИК КҮНҮ ӨТТҮ

Кечээ, 23-сентябрь күнү Ош облусунун Алай районунун өрт-куткаруу бөлүмүндө Ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨКМдин кызматкерлери окуучулар менен өрт коопсуздук эрежелери, өрттүн келип чыгуу себептери, алардын келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу баарлашты.

Окуучулар өрт учурундагы жүрүм-турум эрежелери, өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен таанышып, өрт өчүрүүчүлөдүн кызматы жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле окуучуларга "101" жана "112" өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын телефондору эскертилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу