Жаңылыктар
14.02.2025 16:53
Кароолор: 290
ОШ: АЛАЙ ЖАНА АРАВАН РАЙОНУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТТҮ
Алай жана Араван райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кечээ, 13-февраль күнү Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондун Жалпы дарыгерлер практика борборунда өрт кырсыгын алдын алуу темасында лекция өткөрүлүп, практика жүзүндө алгачкы өрт шаймандарын туура колдонуу эрежелери көрсөтүлдү.
Бүгүн Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагына караштуу Какыр-Пилтан, Арап-Чертик жана Чек-Абад айылдарында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында Көчүбаев, Жакшылык, Максым-Тобу жана Пахтачы айылынын тургундарына эскертме баракчалары таркатылып, өрт коопсуздугу боюнча маалыматтык нускамалар берилди.
Мындан тышкары, 7 соода түйүндөрүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын эскертмелер таратылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР