Жаңылыктар
14.03.2025 17:54
Кароолор: 1137
ОШ: АЛАЙ РАЙОНУНУН КЫЗЫЛ-ОЙ АЙЫЛЫНДА ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ ЖАРАЛУУДА
Алай району, 13-март 2025-жыл – Алай районунун Курманжан-Датка айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында жер көчкү коркунучу жаралып, 14-15 турак жайга кооптуулук туудурууда. Анын ичинен 5 үй-бүлө мурда кооптуу аймакта жашагандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө ссуда жана жаңы жер тилкесин алган.
Учурда Алай райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы окуяны иликтөө үчүн жеринде иш алып барууда. ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти жер көчкүнүн динамикасын көзөмөлдөп, кошумча чараларды көрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, 8 турак жайда жашаган 41 жаран убактылуу коопсуз аймакка – туугандарыныкына көчүрүлдү. Жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда.
Жергиликтүү тургундардан өз коопсуздугун сактоо үчүн кооптуу аймактан алыс болуу эскертилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР