Жаңылыктар
19.09.2023 16:56
Кароолор: 399
Ош: Алай районунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара өттү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун Ош облустук филиалынын “Гуманитардык жана саламаттыкты сактоо кризисинде жергиликтүү аракеттерди күчѳтүү” долбоорунун ѳнүктүрүү максатында Алай районунун Жошолу айыл аймагынына караштуу Үч-Чат айылынын ж №21 Ш.Сатиев атындагы орто мектебинде атайын тактикалык машыгуу ѳткѳрүлдү.
Анда Шамши Сатиев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери өрт өчүрүүчү автоунаа жана куткаруу шаймандары менен тааныша алышты. Ошондой эле ӨКМдин Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кырсыктарды алдына алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Машыгуунун соңунда Жошолу айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына жер титирөө убагында эвакуациялоо жана өрт өчүрүү убагында кандай аракеттерди жасоо керек, ошондой эле алгачкы медициналык жардамдын эрежелери, өрт өчүрүү шайманы менен тааныштыруу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР