Жаңылыктар
20.04.2025 13:39
Кароолор: 57
ОШ: АК-ТЕРЕК - ПАПАН - КОЖОКЕЛЕН ЖОЛУ ТАЗАЛАНУУДА
2025-жылдын 20-апрелине караган түнү Ош облусунун Кара-Суу районунунда каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Терек - Папан - Кожокелен унаа жолунун 14-чакырымында жер көчкү жүрүп, натыйжада унаа жолдун айрым жерлери жылып жана чөгүп, жараксыз абалга келтирилген.
Учурда айланма унаа жолу бар. Жолду калыбына келтирүүгө жол тейлөө ишканасынан 2 экскаватор, 2 самосвал, Папан айыл аймагынан жүктөгүч тартылды.
Ошондой эле жерине ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси чыкты.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР