Жаңылыктар
20.04.2025 19:07
Кароолор: 70
ОШ: АК-ТЕРЕК - ПАПАН - КОЖОКЕЛЕН ЖОЛУ ЭКИ ТАРАПТУУ АЧЫК
2025-жылдын 20-апрелине караган түнү Ош облусунун Кара-Суу районунунда каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Терек - Папан - Кожокелен унаа жолунун 14-чакырымында жер көчкү жүрүп, натыйжада унаа жолдун айрым жерлери жылып жана чөгүп, жараксыз абалга келтирилген.
Тазалоо иштеринин натыйжасында саат 18:00гө карата жол эки тараптуу ачык, каттам жүрүүдө.
Жолду калыбына келтирүүгө жол тейлөө ишканасынан 2 экскаватор, 2 самосвал, Папан айыл аймагынан жүктөгүч,ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР