Жаңылыктар
19.12.2024 19:45
Кароолор: 153
ОШ: 6400 м³ ЖЕР КӨЧКҮ ТАЗАЛАНДЫ
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Ылай-Талаа - Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымына (Көк-Жар тилкеси) түшкөн жер көчкүнү тазалоо иштерине бүгүн, 19-декабрь күнү №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, жалпы 6400 м³ шагыл таштар тазаланды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында аталган жол тилкесине 12 000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган. Учурда Шаркыратма айылы аркылуу айланма жолу менен өтүүдө.
Тазалоо иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 20-декабрь күнү улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР