Жаңылыктар
21.02.2024 11:02
Кароолор: 1099
ОРУСИЯЛЫК АЛЬПИНИСТТИ ИЗДӨӨГӨ 7 КУТКАРУУЧУ ЧЫКТЫ
Бүгүн таң эрте орусиялык Г.Е. аттуу альпинистти издөө башталды.
Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында алдын ала маалымат боюнча Лейлек капчыгайындагы Аксуу чокусунан акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн. Аталган чоку Баткендин Лейлек районунда жайгашкан.
Учурда дайынсыз болуп жаткан орусиялык жаранды издөөгө 20-февралда ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы 3-өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук райондук ӨКБдан 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө орусиялык 3 альпинист кошулду.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
(Сүрөттөр издөөгө чыгаар алдында тартылган)