Жаңылыктар

04.12.2024 20:33

   Кароолор: 910

ОРУСИЯДА АТОМДУК ЭНЕРГИЯНЫ ТЫНЧТЫК МАКСАТТА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА КМШга МҮЧӨ-МАМЛЕКЕТТЕРДИН XXV ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Орусия Федерациясынын Нижний Новгород шаарында 4-декабрь күнү Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин комиссиясынын XXV мааракелик жыйыны болуп өттү. Комиссия төрагалыгы Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

Биринчи маселе болуп комиссиянын төрагасын шайлоо коюлуп, Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп барган өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов комиссиянын төрагасы болуп шайланды.

Күн тартибине ылайык жыйындын катышуучулары үстүбүздөгү жылы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, 2021-2024-жылдары атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча отчетун жактырышты.

Андан соң жыйында аймактарда уран өндүрүүдөгү калдыктарды рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык иш-чаралардын аткарылышы боюнча баяндама угулуп, КМШга мүчө мамлекеттердин атомдук энергия тармагындагы кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган документтер жана бир катар актуалдуу маселелер, ар тараптуу кызматташуунун көйгөйлөрүн чечүү, инфраструктура, ошондой кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө А.Мамбетов КМШнын баш катчысынын орун басары Ильхом Нематов менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелердин келечеги жана маанилүү маселелер тууралуу пикир алышты. Мындан тышкары “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Николай Спасский менен жолугуп, кен өндүрүү жана уран калдыктарын рекультивациялоодон кийинки Кыргызстандын аймактарын калыбына келтирүү маселелерин ортого салышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу