Жаңылыктар

01.09.2023 13:54

   Кароолор: 480

Өрттүн санын автоматтык түрдө эсепке алган программанын авторлору министрликтин медалы менен сыйланышты

ӨРТТҮН САНЫН АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ ЭСЕПКЕ АЛГАН ПРОГРАММАНЫН АВТОРЛОРУ МИНИСТРЛИКТИН МЕДАЛЫ МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ

 

Республиканын аймагындагы орун алган өрттөрдүн санын эсепке алуу эми автоматташтырылган системага өттү. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте «Өрттү эсепке алуу» автоматташтырылган маалыматтык өрттөрдү каттоо системасы иштелип чыгып, азыркы учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин аталган системаны үйрөтүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Электрондук автоматташтырылган система кызматкерлердин убактысын үнөмдөп, бир кыйла жеңилдик түзөт. Программаны иштеп чыгууда жана министрликтин цифровизациялык жана маалыматтык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Башкы прокуратурага караштуу “Укук” мамлекеттик мекемесинин директору Улугбек Юсупов, мекеменин техникалык менеджери Нуртай Дербишов жана мекеменин бизнес аналитиги Талгат Асангазиев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 35 жыл жана Өрткө каршы мамлекеттик кызматына 95 жыл юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Сыйлыкты Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов тапшырып, өлкөнүн санариптештирүү саясатына кашкон салымдары мактоого алынарлык эмгек экенин баса белгилеп, ийгилик каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу