Жаңылыктар

19.06.2025 18:06

   Кароолор: 403

ӨРТТҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗГАН ФАКТЫЛАР БОЮНЧА 4,6 млн АЙЫП ПУЛ САЛДЫ

ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматына өрт коопсуздук эрежелеринин талаптарынын бузулушу боюнча жарандар тарабынан келип түшкөн ар бир кайрылуу өз убагында каралып, чара көрүлөт.

Жалпы республика боюнча 2025-жылдын башынан бери мамлекеттик жана жеке менчик ишкана, мекемелерде 3322 текшерүү уюштурулуп, анын ичинен 2178 пландуу текшерүү, 371 пландан тышкаркы текшерүү жана 773 контролдук текшерүүлөр жүргүзүлдү. Анын натыйжасында жапысынан 239 административдик протоколдор түзүлүп, 4 млн 645 миң 500 сом айып пул салынган.

Ошондой эле соода-сатык базарларда, эл көп чогулган оюн-зоок борборлорунда, кафе-ресторандарда мүмкүн болгон өрттүн алдын алууга багытталган өрт коопсуздук ченемдеринин, эрежелеринин жана талаптарынын аткарылышын контролдоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өрт коопсуздугун камсыздоо жаатында тийиштүү көзөмлдү ишке ашыруу максатында пландан тышкары 94 мекеме текшерилип, өрт коопсуздугун сактабаган мекемелерге КР Бузуулар кодексинин 143 жана 434-беренелеринин негизинде 11 административдик протокол түзүлүп, 253 миң сом айып пул салынды жана эрежени одоно бузган мекемелер ММК аркылуу чагылдырылууда.

Булардын ичинен жеке жактардан түшкөн кайрылуу жана арыздардын саны 172ни түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу