Жаңылыктар
03.07.2025 17:16
Кароолор: 484
ӨРТТҮ КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 2 АЙДА 1910 ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗДҮ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин 2025-жылдын 30-апрелиндеги №310 буйругунун негизинде ӨКМдин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө кызматы республика боюнча мамлекеттик, социалдык жана жеке менчик объектилерди тешкерүүнү үзгүлтүзсүз улантууда.
Аталган буйрукка ылайык, ӨКМдин облустардагы башкармалыктарынын Өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмдөрүнүн офицерлери текшерүүгө көмөк көрсөтүүдө.
Май, апрель айлары ичинде жалпысынан өлкө боюнча 1910 текшерүү жүргүзүлүп, анын ичинде 1221 пландуу, 208 пландан тышкаркы, 481 контролдук текшерүү болду. Натыйжада 163 административдик протокол түзүлүп, 3 млн 183 миң айып пул салынган. Офицерлер тарабынан 1578 чек баракчалар таратылып берилген.
Бишкек шаары, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Талас облустарынын район-шаарларында жайгашкан тамактануу жайлары, соода түйүндөрү, жеңил өнөр жай ишканалары өрт коопсуздугуна каршы текшерүүдөн өтүп, андагы кызматкерлерге түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүү менен тийиштүү эрежелерди сактоо жана алдын алуу максатында атайын чек баракчалары таратылууда.
Статистика боюнча өрттүн 60-70%ы тамактануучу жайларда, соода түйүндөрүндө катталат. Өлкөбүздөгү өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү бузук абалдагы электр зымдарын жана башка электр каражаттарын колдонуудан пайда болот. Ошондой эле өрттүн чыгуусуна газ баллондордун туура эмес колдонулушу жана орнотулушу негизги себеп болууда.
Андыктан ӨКМ кызматкерлери күнүмдүк жашоо тиричиликте жана жумуш орундарында өрт коопсуздук талаптарын сактоого чакырат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/share/v/1H8ti7mf4L/