Жаңылыктар

13.12.2024 12:41

   Кароолор: 152

ӨРТТӨ БАТИР ИЧИНДЕ КАЛЫП КАЛГАН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Бүгүн, Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун  Тоголок Молдо көчөсүндө  жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен  өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:33дө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 09:28де толук өчүрүлүп, кырсык катталган аймактан 10 адам эвакуацияланган. Куткаруучулар иске ууланып,  батир ичинде калып калган 1940-ж.т. Б.А. аттуу эркек кишини алып чыгышып, №4 шаардык ооруканага жеткиришкен. 
Өрттүн аянты 10 ч.м. түзгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу