Жаңылыктар
11.06.2026 23:00
Кароолор: 201
ӨРТКӨ КАРШЫ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЧЕМПИОНАТ БАШТАЛДЫ
Бүгүн, 11-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын 100 жылдыгына карата Бишкектеги "Алга Арена" стадионунда Өрт-куткаруу спорту боюнча эки күндүк чемпионат башталды.
Мелдештин ачылышында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Өрт-куткаруу спорту көп жылдан бери кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө, дене тарбиясын чыңдоого жана жаш муундарды эрдикке, тартипке жана мекенчилдикке тарбиялоого чоң салым кошуп келерин белгиледи.
"Бул таймаш атаандаштык менен достуктун, тажрыйба алмашуунун жана кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүнүн аянтчасы болуп берет деп ишенем. Ар бир командага жеңишке болгон бекем ишенимди, тайманбас духту жана жогорку жыйынтыкты каалайм", - деди министр.
Белгилей кетсек, чемпионатка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 12 команда катышып, эки күн бою күч сынашат.
Бүгүн спортчулар 100 метр аралыкты тоскоолдуктар аркылуу
чуркап өтүү боюнча таймашышты.