Жаңылыктар

15.06.2026 17:43

   Кароолор: 10

ӨРТКӨ КАРШЫ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА БИШКЕКТЕ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ АВТОУНААЛАРДЫН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТТҮ

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кылымдык тарыхы бар кызматтын мааракесине карата уюштурулган иш-чарада өрт өчүрүүчүлөрдүн кесипкөйлүгү, эрдиги жана элдин коопсуздугун камсыз кылуудагы орду белгиленип, кызматтын тарыхый жолу эскерилди.

Мааракелик иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын аймагында өрт өчүрүүчү атайын техникалардын көргөзмөсү уюштурулуп, анын ачылыш аземи болуп өттү.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын скверинде орнотула турган өрт өчүрүүчү унаа-эстеликтин бет ачары болду.

Аталган эстелик өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын бир нече муунунун каармандыгынын, жан аябастыгынын жана өз кесибине берилгендигинин символу болуп калат. Ал элдин коопсуздугун камсыз кылуу жолунда кызмат өтөгөн кесип ээлеринин тарыхый эмгегин түбөлүккө эскертип турат.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ошондой эле ӨКМдин жетекчилиги, кызматкерлер жана ардагерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Канатбек Чыныбаев сөз сүйлөп, Өрткө каршы кызматынын 100 жылдык тарыхы - бул элдин өмүрүн жана коопсуздугун сактоо жолундагы талыкпаган эмгектин, кайраттуулуктун жана берилгендиктин тарыхы экенин белгиледи.

Министр өз сөзүндө өрт өчүрүүчүлөр ар дайым жоопкерчиликтүү милдетти аркалап, кыйын кырдаалдарда адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып келишкенин айтып, кызматтын ардагерлерине жана бүгүнкү күндө эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев өрт-куткаруу кызматкерлеринин коомдогу маанилүү ролун белгилеп, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоодогу эмгегине жогору баа берди.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө келген конокторго өрт өчүрүүчү унаалардын жана атайын техникалардын тарыхый өнүгүүсү, заманбап жабдуулар жана куткаруучулардын ишинде колдонулган техникалык мүмкүнчүлүктөр көрсөтүлдү.

Өрткө каршы кызматтын 100 жылдыгына арналган иш-чара өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик салтын даңазалоого, жаш муунга алардын эмгегин таанытууга жана кызматтын тарыхын сактоого багытталды.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу