Жаңылыктар

18.07.2025 17:43

   Кароолор: 264

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮНҮН ДАРЕГИНЕ АТЫЛГАН ЖЫЛУУ СӨЗ

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ажыбек Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатында бүгүн, 18-июлда өрт чыгып, саат 13:49да Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке тез арада жетип келип, өз убагында өчүрүп калышкан. Өрттүн жайылышын токтотуп, эбегейсиз баалуулуктар сакталып калганына ыраазычылык пикирлерин айтышкан жергиликтүү тургундар куткаруучулардын профессионалдык деңгээлине баа беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу