Жаңылыктар

15.11.2024 15:14

   Кароолор: 803

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮНҮ АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА УЗАТЫШТЫ

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу Октябрь районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучусу, улук пропарщик Асылбек Жакешовду кесиптештери ардактуу эс алууга узатышты.

Ал кесиптик жолун 2007-жылдан баштап, ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Октябрь райондук №7 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип келген.

Ардагер эл үчүн өтөгөн 18 жыл аралыгында өзүнүн кесипкөй чеберчилигин көрсөтүп, куткаруучуларга үлгү болуп, кадыр-баркка ээ болгон.

Узатуу аземинде ардагердин кесиптештери №7 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүндө куткаруучулар арасында спорттук иш-чара уюштуруп, салтанаттуу узатышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу