Жаңылыктар
15.06.2024 12:17
Кароолор: 371
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ СЫЙЛЫК ЫЙГАРЫЛДЫ
СЫЙЛЫК-СЫЙМЫК
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ СЫЙЛЫК ЫЙГАРЫЛДЫ
15-июнь – Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын түзүлгөнүнө 98 жыл. Андыктан бүгүн тилсиз жоого тик карап, ар күнү жалын кечип, өмүрү кыл учунда турган кесип ээлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун колунан алышты.
Сыйлык ыйгаруу салтанатында Азамат Мамбетов катышуучуларга алгач ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин куттуктоосун жеткирди. Андан соң өрт өчүрүүчү-куткаруучуларга ийгилик каалап, мамлекет тарабынан көрсөтүлуп жаткан колдоолорго токтоло кетти.
Анын айтымында, өлкө жетекчилигинин колдоосу, министрдин иш-аракетинин натыйжасында куткаруучулардын, өрт-өчүрүүчүлөрдүн техникалык мүмкүнчүлүгү жогорулады. 2021-жылы эски өрт өчүрүүчү ЗИЛ унаалары болсо, бүгүн заманбап үлгүдөгү унаалар, автошатылар, керектүү шаймандар менен камсыздалган. Мындан ары да кесип ээлеринин ийгилик жаратуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесибинде адам өмүрүн коргоого, материалдык байлыктарды сактоого зор салым кошуп, эмгек жолунда жараткан ийгиликтери бааланды.
Алардын сиңирген эмгектерине жараша КР ӨКМдин “Кынтыксыз кызматы үчүн” III даражадагы жана “Мыкты аскердик кызматы үчүн” II даражадагы медалы, “Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгилери, ошондой эле Энергетика министрлигинин “Ардак грамотасы” ыйгарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР