Жаңылыктар
14.05.2024 17:23
Кароолор: 381
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АЛГАЧКЫ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА САБАК ӨТҮЛДҮ
Бүгүн, 14-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына караштуу Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №2 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчүлөрүнө алгачкы жардам көрсөтүү боюнча сабак өтүлдү.
Куткаруучуларга сабакты Свердлов районунун №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери өтүштү.
Аталган сабактын башкы максаты болуп, куткаруучулардын өрт кырсыгы учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү билимин жогорулатуу болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР