Жаңылыктар
28.11.2024 16:41
Кароолор: 63
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ТАЖРЫЙБАСЫН АРТТЫРГАН МАШЫГУУДАН ӨТҮШТҮ
28-ноябрь күнү, Бишкектин Октябрь районунда курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйлөрдүн биринде атайы өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Анда көп кабаттан турган имараттын эң үстүндө чыккан өрттү өчүрүүдөгү куткаруучулардын ыкчам аракети, тажрыйбасы бааланды.
Машыгууга Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын бардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү катышып, 54 метр жана 30 метрлик автошаты, 3 өрт өчүрүүчү унаа, штаб жана куткаруу кызматы тартылган.
Белгилей кетсек мындай машыгуулар башкармалыктын планынын негизинде, куткаруучулардын өрт кырсыгында эмоционалдык туруктуулугун бекемдөө максатында жылына 2 ирет өткөрүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР