Жаңылыктар

22.05.2024 13:14

   Кароолор: 987

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР КЫТАЙДАН ТАЖРЫЙБАСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

🇰🇬🇨🇳ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР КЫТАЙДАН ТАЖРЫЙБАСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Кытай Эл Республикасындагы «Кытай – Борбордук Азия» коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу боюнча семинарга катышышты.

Семинардын катышуучулары Кытайдагы өзгөчө кырдаалдарды башкаруу механизми жана укуктук системанын курулушу менен таанышып, СУАРдын Өрт-куткаруу корпусунун күжүрмөн даярдыкты камсыздоо отрядына экскурсия уюштуруп, анда куткаруучу бөлүктөрдү окутуу процесси, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кызматкерлерин аттестациялоо ыкмасын өздөштүрүштү.

Мындан сырткары, катышуучулар СУАРдагы өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү базада болуп, дене тарбия боюнча ачык машыгуу аянтчасын, зыяндуу химиялык заттарды иштеп чыгуу боюнча жер үстүндөгү машыгуу аянтын, шахтадагы аварияларды (жер астын) иштетүүчү машыгуу аянтын, комплекстүү окуу мунарасында болушту.

Аталган семинарда жалпысынан Кытайдагы иштеп жаткан окутуу системасы жана жаңы алынган өрт өчүрүүчүлөрдү даярдоо моделин талкуулап, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү өрт өчүрүүчүлөрдү даярдоо, санариптештирүү жана интеллектуалдаштыруу жаатындагы тажрыйбалар ошондой эле шахталарда өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тажрыйба топтоп, үйрөнгөн иш-аракеттерди өз өлкөсүндө кеңири колдоно алышат.

Борбор Азиянын беш өлкөсү катышкан семинардын негизги максаты Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы салттуу достукту, кызматташтыкты чыңдоо жана өз ара тажрыйба алмашуу, өрткө каршы авариялык-куткаруу иштериндеги ыкмаларды бөлүшүү ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү жаатында потенциалды жогорулатуу болуп саналат.

Тажрыйба алмашуунун 5 күндүк программасында класстык тренингдер, семинарлар, байкоо жана практикалык машыгуулар көрсөтүлгөн.

Натыйжада Өрт жана өнөр жай коопсуздугу жаатында тажрыйба топтогон Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн барган катышуучуларга сертификаттар ыйгарылып, тренингдин пайдалуу жактарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулунун көзөмөлүндө Кыргызстандан өрт коопсуздугу боюнча 4, өнөр жай коопсуздугунан 4 кызматкер барган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу