Жаңылыктар

03.06.2025 17:35

   Кароолор: 285

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР КҮЙҮҮЧҮ МАЙ САКТООЧУ КАМПАДА МАШЫГЫШТЫ

Бүгүн, 3-июнда Жалал-Абад шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы “Альфа Ойл” ЖЧКда өрт тактикалык машыгуусун өткөрүштү.

Күйүүчү май сактоочу кампадан өрт чыкандыгы кабарланып, белгиленген жайга 2 өрт өчүрүү, 1 автошатты жана куткаруу автоунаасы тартылган. Сценарийде белгиленгендей, аталган ишкананын жумушчулары эвакуацияланып, күйүк алган жарандарга алгачкы медициналык жардамдар көрсөртүлдү.

Машыгуунун жыйынтыгында ӨКМге караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору ишкананын жана катышуучулардын кемчиликтерин белгилеп, жоюу талабы коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу