Жаңылыктар

26.03.2025 13:48

   Кароолор: 214

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ГАЗ ТҮТҮНДӨН КОРГОО ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУНАН ӨТҮШТҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарындагы жалпы Өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү кезектеги машыгуудан өтүштү.

Машыгуу куткаруучулардын өрт чыккан имарат ичине кирүүдө психикалык даярдыгын бекемдөө, коюу түтүн ичинде өрттүн очогун табуу, жабырлануучуну ыкчам алып чыгуу жана көрүүгө таптакыр мүмкүн эмес шартта өрт өчүрүүчү өзүнүн да коопсуздук эрежелерине ылайык көндүмдөрүн, тажрыйбасын жогорулатууга багытталган.

Газ түтүндөн коргоо өрт-тактикалык машыгуусу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Сталбек Абдылда уулунун жетекчилигинде өттү.

Тилсиз жоо менен күрөшүп, адам өмүрүн жана миллиарддаган материалдык баалуулуктарды сактап калган өрт өчүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын жогорулаткан газ түтүндөн коргоо өрт-тактикалык машыгуусу жылына 4 ирет өткөрүлүп турат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу