Жаңылыктар
18.12.2023 13:47
Кароолор: 822
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААНЫН АЙДООЧУЛАРЫНА ЖОЛ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА САБАК ӨТҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жалпы өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн айдоочуларына атайы сабактар өтүлдү.
Анда айдоочу курам жол кыймылынын эрежелери, транспортук каражаттарда өрт коопсуздугун сактоо жана биринчи жардам көрсөтүү боюнча маалыматтарды алып, практика жүзүндө да көрө алышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР