Жаңылыктар
29.05.2025 15:14
Кароолор: 260
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ӨРТ ТИЛКЕСИНДЕ ПСИХОЛОГИЯЛЫК МАШЫГУУСУ ӨТТҮ
29-май күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын планына ылайык, №3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн базасында башкармалыктын өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын машыгуусу өттү.
Машыгуунун максаты өрт өчүрүүчү-куткаруучуларды ар кандай татаалдыктагы өрткө, экстремалдык кырдаалдарга даярдоо жана өрт кырсыгындагы тобокелдиктерге, коркунучтарга эмоционалдык туруктуулугун бекемдөө болуп саналат.
Мындан сырткары бул машыгууга Кыргыз-Орус славян университетинин "Экология жана өзгөчө кырдаалдарда коргоо" жана Инновациялык кесиптер институтунун "Өрт коопсуздугу" кафедрасынын студенттери катышты.
Белгилей кетсек, мындай машыгуулар Бишкекте жылына эки жолу өткөрүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР