Жаңылыктар
07.04.2025 18:45
Кароолор: 568
ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУ КУУнун ОКУУ ИМАРАТЫНДА ӨТКӨРҮЛДҮ
Өрттү өчүрүүгө караганда анын алдын алган кыйла жеңил. Мына ушул максатта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу райондук бөлүмдөрүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүктөрү окутуу-машыгууларды байма-бай өткөрүп келишет.
Өрт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, ири материалдык чыгымдарды азайтуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, ошону менен катар күжүрмөн эсептердин кырсыкка жооп кайтаруусуна даярдыгын текшерүү, баалоо максатын көздөгөн кезектеги машыгуу ӨКМдин Биринчи Май райондук бөлүмү тарабынан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин окуу имаратында өткөрүлдү.
Сценарийге ылайык 101ге чалуу түшөрү замат:
- өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 күжүрмөн эсеп;
- бир автошаты;
- Штаб;
- тез жардам кызматы;
- Куткаруу кызматы;
- “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын техникалары
- Жарандык коргонуу кызматтары;
- Окуу жайдын техникалык жана өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү адистери тартылды.
Тактикалык машыгуунун алкагында Штабдын жетекчилигинде күжүрмөн эсептин иш ара кеттери бааланып, айрым кемчиликтери жөнүндө эске алынуучу жагдайлар боюнча эскертмелер берилди.
Жыйынтыгында окуу жайдын тиешелүү адистери практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, машстабдуу иш-чара өткөрүп, кеп-кеңештерин билдирген өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын иш аракеттерине ыраазычылык билдирип кетишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР