Жаңылыктар
15.06.2024 13:13
Кароолор: 468
ӨРТ ӨЧҮРҮҮ КЫЗМАТЫНА 98 ЖЫЛ
ӨРТ ӨЧҮРҮҮ КЫЗМАТЫНА 98 ЖЫЛ
Бүгүн, 15-июнь күнү өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду.
Советтер Союзу мезгилинде 17-апрелде өрт өчүрүүчүлөр күнү белгиленчү. Эгемендүүлүктү алгандан кийин 15-июнь өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы катары 1994-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Ал эми 1926-жылы ушул күнү Фрунзе шаардык кеңешинин чечими менен эң алгачкы Өрт өчүрүү кызматынын тобу түзүлгөн. Быйыл биздин кызматка 98 жыл толду.
Өрт өчүрүү кызматынын оор, түйшүктүү ошол эле учурда жооптуу ишин төмөнкү видео тасмадан көрүп коюңуздар.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын атынан өмүрүн тобокелге салып, жалындап күйгөн оттун очогунан жарандарыбызды сууруп чыккан кесиптештерибизди куттуктайбыз .
Майрамыңыздар менен!!!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР