Жаңылыктар

24.08.2023 10:21

   Кароолор: 923

Өрт кырсыгынан 8 куб күйүүчү май толугу менен өрттөнгөн

Кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунан өткөн Кербен – Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырым аралыгында күйүүчү май ташуучу унаа оодарылып, жол жабылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам райондогу №70 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп саат 16.02де, буга кошумча дагы 1 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен унаадан чыккан тилсиз жоо саат 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаадагы 8 куб соляркасы толугу менен күйгөн. Өрттүн көлөмү чоң болгондуктан натыйжада 15 га куураган чөп күйгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу