Жаңылыктар
20.02.2025 13:18
Кароолор: 1697
ӨРТ КЫРСЫГЫ ОКУУЧУЛАРДЫН КЫЛ КАЛЕМИНДЕ
Чүй облусунун Чүй жатак мектебинин окуучулары арасында “Өрт кырсыктары” аталышындагы сүрөт сынагы уюштурулду. Райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери окуучулар менен маектешип, аларга өрт кырсыгы чыккан учурда сактануу, коопсуз жайга чыгуу эрежелерин айтып беришти.
Балдарга куткаруучулук кесиптин түмөн түйшүгүн, сыймыгын айтып берген адистер, мекенчил болууга чакырды.
Жатак мектептин мугалимдерине, ашпозчуларына коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүп, эвакуация өрт кырсыктары иш-аракеттери жөнүндө лекцияларды өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР