Жаңылыктар
28.10.2024 16:00
Кароолор: 401
ӨРТ КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫНЫН 9 АЙДАГЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ
ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН САКТООГО ЧАКЫРАТ
ӨРТ КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫНЫН 9 АЙДАГЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ
Кыйраткыч күчкө ээ техногендик жана табигый кырсыктардын алдында адамзаты алсызбыз. Албетте өрт кырсыгынын курмандыгы болгончо, кырсыктын тобокелдигин азайтуу, алдын алуу жеңил. Дал ушундай пикирди Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев өздүк курамга ар дайым эскертип, ӨКМдин башкармалыктарына, мекемелерине тиешелүүлүгүнө жараша алдын алуу тапшырмаларын берет.
Анын алкагында Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору 9 айда коопсуздук эрежелерин сактоо, кемчиликтерин жоюу иштерин аткарышты.
Алсак, жыл ичинде социалдык мекеме-ишканаларды, коомдук тамактануу жайларын, жаңы курулуп жаткан имараттарды, жол жээктериндеги желим идиштерде мыйзамсыз күйүүчү май саткан жана сактаган жайларды, көл жээгиндеги пансионаттарды текшерип, өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишти. Кемчиликтери жоюлбаган мекемелерге, тойканаларга жана башка объекттерге эскертип эле тим болбостон, аларга айып пул да салынат.
Өрттү көзөмөлдөө кызматы адам өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында үстүбүздөгү жылдын 9 айында 5727 текшерүү жүргүздү. Жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларга 3538 көрсөтмө беришкен. 360 протокол түзүлүп, жалпысынан 6 млн 93 000 сом айып салышты. Анын 3 млн 779 000 сому мамлекеттин казынасына өндүрүлдү.
1753 ГИДРАНТ ОҢДОЛУП, ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛАНДЫ
Тилсиз жоонун негизги фактору – адам... Ал өмүргө, ден соолукка забын болору, материалдык чыгымдарга кептээри турган иш. Алсак, өлкө аймагындагы чайканалар, тойканалар, бийик имараттар, көп кабаттуу үйлөр, ири соода түйүндөрү дегеле, эл көп чогулчу жайларда өрт коопсуздук эрежелерин толук сактай бербегени текшерүү учурунда билинет.
Мекемелердеги ички өрт крандары, көчөлөрдө жайгашкан гидранттар, суу көлмөлөр өрт болгон учурда суу менен үзгүлтүксүз камсыздабаса ири чыгым же кайгылуу окуя менен коштолот. Анын алдын алуу үчүн Өрт көзөмөл кызматынын инспекторлорунун эскертүүсү менен 9 айда өлкө аймагындагы 1753 гидрант оңдолуп, инвентаризацияланды. Жыйынтыгында гидранттары иштебеген, суу көлмөлөрү жараксыз абалдагы мекемелерге 770 000 сом айып салынды.
Эсиңиздерде болсо Дордой базарында бир нече контейнер көз ачып-жумгуча өрттөнгөн. Тилсиз жоодон адам жабыркабаса да, соодагерлердин ошондогу абалын элестетиңиз. Эки кабаттуу контейнерлердеги кийимдер жараксыз болуп, материалдык чыгым асман чапчыган.
Эми мындай тилсиз жоо кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анүстүнө базарлардын ичи өрт өчүрүүчү унаалар өтө алгыс. Мындагы соодагерлер өрт коопсуздук эрежелерин сактабай, белгиленген чектен чыгып, буюмдарын жайып алышары баарыбызга белгилүү.
ИРИ СООДА ТҮЙҮНДӨРҮНДӨГҮ КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРИШТИ
Мүмкүн болчу өрттүн алдын алууну көзөмөлдөө үчүн пландан тышкары өлкө аймагындагы 55 ири соода түйүнү, оюн-зоок жана тамактануучу жайлар, базарлар текшерилип, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандарына 512 000 сом айып пул салынган.
Аталган кызматтын инспекторлору жалпысынан 5058 кемчиликти жоюу тапшырмасын берип, 527 түшүндүрмө баракчасын таратып, тиешелүү тармактарга 731 маалымат беришкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коопсуздук эрежелерин сактоого, имараттар арасындагы өрт өчүрүүчү унаалар кирчү жол калтырууга, өрткө чыдамдуу курулуш материалдары менен куруу чакырыгын таштайт.
Мындан улам быйылкы жылы КР Министрлер Кабинетинин №240 токтомуна жаңы курулуп жаткан имараттарды текшерүү жол-жобосу киргизилди. Анын негизги максаты – курулуштун баштапкы этабында кырсык учурунда өрт өчүрүү техникасынын кирүү жана эвакуациялоо жолу бар экендигин, ошондой эле имараттар аралык нормалардын сакталышын текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Ал эми КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы №381 токтомунун “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери” тиркемесинде жалпы мамлекеттик жана менчигине карабастан, бардык мекме-ишканаларда өрт коопсуздук эрежелерин сактоонуу милдеттендирет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР