Жаңылыктар

27.02.2025 17:17

   Кароолор: 709

ӨРТ КООПТУУЛУГУ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун аналитикалык катынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгында тегерек стол өткөрүлдү.

Анда облустук Жарандык коргонуу кызматтары, шаар жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Талас жана Бакай-Ата райондук токой чарба кызматы, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, шаар жана райондук ӨКБ башчылары катышышты.

Жыйынга АКШнын Лос-Анжелесиндеги ири өрт кырсыгы негиз болуп, техногендик мүнөздөгү кырдаал талкууланды. Анткени укмуштуу көлөмдөгү катастрофа өлкөбүздө да мүмкүн болуучу тобокелдиктердин бири.

Облуста өрт жаатында көйгөйлөр, жаз-жай мезгилиндеги өрт кооптуулугуна даярдык көрүү, ыктыярдуу өрт өчүрүү кошуундары, суу көлмөсү менен гидранттарды ишке киргизүү тапшырмалары коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу