Жаңылыктар
20.03.2025 16:27
Кароолор: 185
ӨРТ КООПСУЗДУК: ОШ БАЗАРЫНДАГЫ ОЛУТТУУ КӨЙГӨЙ
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары борбордо жайгашкан Ош базарында өрттүн алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү унааны базарга тоскоолдуксуз кирүүсү үчүн күн алыс машыгуу өткөрүүдө.
Аталган базардын Токтогул көчөсүнүн түштүк тарабынан өрт өчүрүүчү унаа киргенде жолдун жээгинде жайгашкан соода түйүндөрүнүн чатырлары жана кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз соода түйүндөрү, өрт өчүрүүчү унаага чоң тоскоолдуктарды жаратты.
Айттырбай келген өрттү ыкчам өчүрүүдө, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө мындай тоскоолдуктар өрт өчүрүүчүлөрдүн убактысын гана албастан өрт кырсыгында адамдардын да өмүрүн албайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
ӨРТ ӨЧҮРҮҮДӨ АР БИР МҮНӨТ ТАГДЫР ЧЕЧЕТ!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР