Жаңылыктар

22.11.2023 12:49

   Кароолор: 673

ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН БИЛЕСИЗБИ?

2023-жылдын 20-21-22 ноябрда КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын адистери, офицерлери тойканаларды текшеришти.

Атап айтканда тойкана, мончо, кафе ж.б ишкердик субъекттерде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тойканалардын конокторун, аларды тейлеген ашпозчу, официанттардын өмүрүн жана имараттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өрт өчүрүүчү шаймандар, эвакуациялык пландар, гидранттар, электр буюмдары текшерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө тейлөөчүлөргө өрт коопсуздук эрежеси тууралуу түшүндүрмө берип, нускамалар таратылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу