Жаңылыктар

22.05.2025 15:02

   Кароолор: 179

ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ТАК САКТАП, СУУ КЫРСЫКТАРЫНЫН АЛДЫН АЛАЛЫ!

🔔ӨМҮР – БААРЫНАН КЫМБАТ!

ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары борбордогу мектептердин окуучу, мугалимдерине жайкы эс алуу учурунда кооптуу жерлерге сууга түшүү, тоого эс алууга барганда ар кандай өзгөчө кырдаалдардан сак болуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу уюштурушту.

Мындай иш-чаралар суу кырсыктарынын санын азайтууга багытталып, Бишкек шаарында күчөтүлгөн тартипте үгүт иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле куткаруучулар Бишкектеги банктын кызматкерлерине жана компаниялардын адистерине өрт коопсуздук эрежелерин практикада көрсөтүп, өрт шаймандарын колдонууну үйрөтүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу