Жаңылыктар
11.09.2024 10:13
Кароолор: 665
ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТООНУ СУРАНАБЫЗ!
• Үйдөн чыгып жатканда электр шаймандарын өчүрүңүздөр.
• Бузук абалдагы электр шаймандарын колдонбоңуздар.
• Газ жылытуучу приборлорун, газ баллон колдонууда бузук абалы аныкталса иштетүүнү токтотуңуздар.
• Ширеңке, күйгүзгүч, шам, фейерверк шамдары сыяктуу өрт чыгаруучу материалдарды жаш балдар үчүн жеткиликтүү жерлерде кароосуз калтырбаңыздар.
• Үйдү жылытууда тез күйүүчү суюктуктарды колдонбоңуздар.
• Кароосуз от жагып калтырбаңыздар жана таштандыларды, жалбырактарды өрттөбөңүздөр.
•
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.
ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ — АР БИРИБИЗДИН КОЛУБУЗДА.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР