Жаңылыктар

01.09.2025 11:31

   Кароолор: 282

ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН КОМПЛЕКСТҮҮ КАМТЫГАН КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору үчүн өрт коопсуздук эрежелерин комплекстүү камтыган колдонмо китеп басылып чыкты.

Бул китеп Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин көрсөтмөсү менен кызматкерлердин натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылуу жана Кыргызстанда өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышын туура уюштуруу максатында инспекциялык кызмат иштеп чыккан.

Колдонмо китепте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы №251 токтому менен бекитилген өрт коопсуздук эрежелери тууралуу кенен түшүнүктөр, жеке жана юридикалык жактар үчүн колдонулуучу нормативдик укуктук актылар, мамлекеттик, социалдык, коммерциялык имараттардын, турак жайлардын жана башка объектилердин өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги өзгөчөлүктөр камтылды.

50 нускама менен даярдалган колдонмо борбордогу жана республикадагы бардык кызматкерлерге берилди. Ал эми кызыккан тараптар КР Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому аркылуу да тааныша алышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу