Жаңылыктар

04.06.2024 18:52

   Кароолор: 434

ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЧЕНЕМДЕРИ ТАК САКТАЛБАГАН МЕКЕМЕГЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын инспекторлору Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекемелерде өрт коопсуздугунун талаптары, ченемдери, эрежелери сакталышын көзөмөлгө алышкан.

Алсак, “Кыргызтасмасы” мекемесине

Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан пландык текшерүү жүргүзүлгөн. Мекемеге акт түзүлүп, аныкталган бузууларды четтетүү, жоюу эскертмеси жазуу түрүндө берилген.

Ал эми бул сунуштардын аткарылгандыгын көзөмөлдөө үчүн бүгүн, 4-июнда аталган мекеме кайрадан текшерилген.

Натыйжада мекеме жетекчилигине өрт коопсуздугунун эрежелерин талаптагыдай аткарбагындыктан, “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 143-беренесине ылайык 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.

Мында иштегендерге өрт коопсуздук эрежелерин жана талаптарын так сактоого кеңеш берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу