Жаңылыктар
05.12.2024 15:48
Кароолор: 565
ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА 11 АЙДА 3547 ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы 2024-жылдын 11 айында өрт коопсуздугунун алдын алуу жана ошондой эле материалдык чыгымдарга жол бербөө максатында төмөндөгүдөй бир катар текшерүүлөр жүргүзүлдү.
11 айдагы жалпы текшерүүлөрдүн саны – 3547ни түздү. Анын ичинен мамлекеттик мекемелерди пландуу текшерүү – 1456. Ал эми 429 ишкерчилик жүргүзүү (чайканалар, тойканалар жана башка) жана мамлекеттик мекемелердин имараты пландан тышкары текшерилди. Аларга кайрадан контролдук текшерүү – 1675.
Текшерилген учурда 99 юридикалык жана жеке жак өрт коопсуздугунун эрежелерин бузган, коюлган талаптарды аткарбаганы аларга үчүн 1 741 500 сомго административдик жоопкерчиликке тартылган.
Мындан тышкары башкармалыктын адистери өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы, аткарылышы боюнча Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана ошондой эле райондордун, айыл аймактардын мамлекеттик администрацияларынын башчыларына 65 жолу маалымат каттарын жөнөтүшкөн. Ал эми жарандардан келген 89 кайрылууну башкармалыктын адистери мыйзам чегинде карап, кайрылгандарга өз мөөнөтүндө жооп беришкен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР