Жаңылыктар

03.10.2023 17:24

   Кароолор: 259

Өрт коопсуздугун сактабасак, кырсыктардын алдында адамзаты алсызбыз!

Кыйраткыч күчкө ээ техногендик жана табигый кырсыктардын алдында адамзаты алсызбыз. Албетте өрт кырсыгынын курмандыгы болгончо, кырсыктын тобокелдигин азайтуу, алдын алуу жеңил. Ар бир мекме-ишканаларды, маданий жана коомдук тамактануу жайларын текшерип, эскертүүлөрдү берип, аткарбагандарга чара көрүп, өрт кооптуулугун жоюу зарыл. Дал ушундай пикирди Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев ар жумада өткөн жыйында өздүк курамга эскертип, Өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистерине тапшырма берип турат.

Айта кетсек, өлкө аймагында да адам фактору аркылуу нечендеген ири өрттөр чыгып, канчалаган адам өмүрүнө забын болуп, миллиондогон сомдорго, материалдык чыгымдарга дуушарлантты. Өрт кырсыгы айттырып келбейт эмеспи. Айта кетсек, мындай мисалдар арбын, башка өлкөлөрдө да бар.

Өмүрлөрдү алып, жүздөгөн адамдарды жабыркаткан тилсиз жоо коңшу турган Өзбекстандын борбору – Ташкент калаасында болгонун интернет айдыңы баарыбызга маалымдады. Маалыматка таянсак, 28-сентябрда Ташкентте аэропорттон анча алыс эмес жерде жайгашкан бажы кампасынын имаратында катуу өрт чыгып, жарылуу болгон.

Жарылуунун соккусу жакын жердеги имараттардын айнектерин сындырып, эшиктерин талкалаган. Кампадагы бул жарылуудан жабыркагандардын жалпы саны 163 адамды түзүп, 15 жаштагы өспүрүмдүн башына терезенин кашеги тийип каза болгон.

Ал эми 26-сентябрда Ирактагы үйлөнүү үлпөтүндөгү чоң трагедияга токтолсок, тойканада керме шыптын өрттөнүп, жүздөн ашуун адам каза болуп, 450дөй адам жабыркаган. Кыязы, өрт коопсуздугу сакталбагандыктан, коноктор залынын керме шыбы өрттөнгөн. Андан чыккан уулу газдан канчалаган үй-бүлө ууланып каза болгон.

Мындай өрт кырсыгы Кыргызстанда болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени өлкөбүз 300-400 адам чакырылган тойлордон күнүгө куру эмес. Андыктан ӨКМ тойкана ээлерине дегеле, башка курулуш ишканаларынын кожоюндарына да өрт коопсуздук эрежелерине тыкыр көңүл буруп, отко чыдамдуу курулуш материалдарын колдонсо деген чакырыкты таштайт. Себеби ар бир курулган имаратта, үйлөрдө, тойканаларда адамдар жашайт, иштейт, катташат.

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы №381 токтомунун “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери” тиркемесинин 8-главасынын 295-пунктунда “Коомдук тамактануу жайларында суюлтулган күйүүчү газ толтурулган баллондор менен иштеген жылыткычтарды, дизелдик жана башка күйүүчү суюктук менен иштеген тамак даярдоочу аппараттарды пайдаланууга таптакыр тыюу салынат. Ошондой эле үйдүн шыбы күйгөн учурда уулуу газ чыгаруучу пластик материалдардан жана тез эрий турган керме пленкалардан жасоого тыюу салынат” жана 3-параграфтын 80-пунктунда “Жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки мекемелерде асма шып каптамдарын жасоого, ошондой эле дубалдарды күйгөн учурда уулуу заттарды бөлүп чыгара турган материалдар менен каптоого тыюу салынат”, - деп ачык жана так жазылганын курулуш тармагынын жетеКчилеринин эсине салмакчыбыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу